КАРАМЕРГЕН
КАРАМЕРГЕН уулу Кыдык (19-к-дын 2-жарымында жашаган, Чүй өрөөнүндө каза болуп, сөөгү Суусамырга коюлган) – балбан. 11–12 жашында 9 балбан биригип көтөрө албаган ташты көтөргөн. Ал таш «Кыдыктын ташы» аталып, Көнөк айылында турган. Кара жыгачты житире кактырып, түбүнө кыштата суу куюп, казандай тоңу м-н сууруп алган. 24–25 жашында баспай калган жүктүү төөнү көтөрүп айлына келген. Казактын Ак балбаны м-н беттешкен. Кийин 9 ач карышкырга туш болуп, сегизин жайлап, акыркысынан набыт болгон.