КАРАМЕРГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМЕРГЕН уулу Кыдык (19-кылымдын 2-жары­мында жашаган, Чүй өрөөнүндө каза болуп, сөөгү Суусамырга коюлган) – балбан. 11–12 жашын­да 9 балбан биригип көтөрө албаган ташты көтөргөн. Ал таш «Кыдыктын ташы» аталып, Көнөк айылында турган. Кара жыгачты жити­ре кактырып, түбүнө кыштата суу куюп, казан­дай тоңу м-н сууруп алган. 24–25 жашында бас­пай калган жүктүү төөнү көтөрүп айлына кел­ген. Казактын Ак балбаны м-н беттешкен. Ки­йин 9 ач карышкырга туш болуп, сегизин жай­лап, акыркысынан набыт болгон.