КАРА КУУРАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КУУРАЙ (Cannabis) – өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумунун уруусу. Бир жылдык чөп. Жаш К. к-дын сабагы жумуру, жумшак ж-а

Айдалма кара куурай: 1 – энелик топ гүлү; 2 – ата­лык топ гүлү; а – энелик гүлү; б – аталык гүлү; в – мөмөсү.

түктүү. Бийикт. 0,5–4 м, жоондугу 8–30 мм. Өзөк тамырлуу. Жалбырагы жазы, түсү көк, жа­шыл. Шыпыргы сымал топ гүлү негизги ж-а каптал бутакта жайгашат. К. к-дын вегетация мезгили 65–70 күндөн 140–160 күнгө чейин. Уру­гу топурактын темп-расы 8–10°Сде өнүп, 20–25°С темп-рада жакшы өсөт. К-дын данында тамак­ашка, техникада пайдаланылуучу 30–35% май бар. Индия, Иран, Түркия ж. б. өлкөлөрдө май ж-а нашаа алуу үчүн эгилет.