КАРА КУУРАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА КУУРАЙ (Cannabis) – өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумунун уруусу. Бир жылдык чөп. Жаш кара куурайдын сабагы жумуру, жумшак ж-а

түктүү. Бийиктиги 0,5–4 м, жоондугу 8–30 мм. Өзөк тамырлуу. Жалбырагы жазы, түсү көк, жашыл. Шыпыргы сымал топ гүлү негизги ж-а каптал бутакта жайгашат. Кара куурайдын вегетация мезгили 65–70 күндөн 140–160 күнгө чейин. Уругу топурактын температурасы 8–10°Сде өнүп, 20–25°С температурада жакшы өсөт. Кара куурайдын данында тамак-ашка, техникада пайдаланылуучу 30–35% май бар. Индия, Иран, Түркия ж. б. өлкөлөрдө май ж-а нашаа алуу үчүн эгилет.