КАРА-КОРУМ
КАРА-КОРУМ – байыркы моңгол мамлекетинин борбор шаары. Орхон д-нын баш жагында жайгашкан. 1220-ж. Чыңгыз хан негиздеген. 1260-жылга чейин империянын борбору болгон. Моңгол хандарынын өз ара чабышынан көп жолу кыйраган. Юань династиясы кулаган (1380) соң, шаар катуу бүлүнгөн. 16-к-да ээн калган. К.-К-дун жайгашкан жерин 1889-ж. Н. М. Ядринцев аныктаган. Академик В. В. Радлов жетектеген экспедиция шаардын планын алгач кагазга түшүргөн. 1948–49-ж. СССР ИАнын корр. мүчөсү С. В. Киселёв башкарган сов. – моңголдук, 2000-жылдан моңголдук-германиялык экспедиция казуу жумуштарын жүргүзгөн. Угэдэйдин ак сарайынын калдыктары ж. б. сакталган.
Ад.: Древнемонгольские города. М., 1965; Ткачев В. Н. Каракорум в XIII в. //Арабески истории. М., 1995. Кн. 2.