КАРА-КОРУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОРУМ – байыркы моңгол мамлекети­нин борбор шаары. Орхон дарыясынын баш жагында жайгашкан. 1220-жылы Чыңгыз хан негиздеген. 1260-жылга чейин империянын борбору болгон. Моңгол хандарынын өз ара чабышынан көп жо­лу кыйраган. Юань династиясы кулаган (1380) соң, шаар катуу бүлүнгөн. 16-кылымда ээн калган. Кара-Корумдун жайгашкан жерин 1889-жылы Н. М. Яд­ринцев аныктаган. Академик В. В. Радлов же­тектеген экспедиция шаардын планын алгач кагазга түшүргөн. 1948–49-жылдарда СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү С. В. Киселёв башкарган советтик – моңгол­дук, 2000-жылдан моңголдук-германиялык эк­спедиция казуу жумуштарын жүргүзгөн. Угэ­дэйдин ак сарайынын калдыктары ж. б. сак­талган.

Ад.: Древнемонгольские города. М., 1965; Тка­чев В. Н. Каракорум в XIII в. //Арабески истории. М., 1995. Кн. 2.