КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын обл-нын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фер­гана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш кап­талдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, геол. изилдөө 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чы­гыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р а­к о л Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийик­те. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кум­дук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р а­к о л Ат-Башы кыш-нан 115 км түш.-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Каракол­дун боюнда, деңиз деңг. 3250 м бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тек­тери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктө­лүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон. жарака аркы­луу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын деби­ти 0,4–5 л/сек. Хим. курамы ж-а физ. касиетте­ри б-ча бул эки булак бири-биринен көп айыр-


маланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жыт­сыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы ми­нералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кыч­кыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданы­шы, хим. ж-а газдык курамы б-ча Батыш Ка­ракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Ека­таран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.

К. Кожобаев.