КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фер­гана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш кап­талдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болсо да, геологиялык изилдөө 1951-жылы жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чы­гыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р а­ к о л Ош шаарынан 150 км чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 3100 м бийик­те. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кум­дук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р а­ к о л Ат-Башы кыштагынан 115 км түштүк-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Каракол­дун боюнда, деңиз деңгээлинен 3250 м бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тек­тери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктө­лүүнүн борбордук бөлүгүндөгү тектоникалык жарака аркы­луу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын деби­ти 0,4–5 л/сек. Химиялык курамы ж-а физикалык касиетте­ри боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жыт­сыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы ми­нералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кыч­кыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданы­шы, химиялык ж-а газдык курамы боюнча Батыш Ка­ракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Ека­таран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.

К. Кожобаев.