КАРА-КОКТУ
КАРА-КОКТУ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Чечме-Сай айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1090 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 8 км түн. тарапта. Ош т. ж. бекетинен 48 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.