КАРА-КОКТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОКТУ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Чечме-Сай айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1090 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Ноокат шаарынан 8 км түндүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 48 км. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет.