КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын
обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 40 км
түш. тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы –
Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңг. 3100 м бийикте. 1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилденген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тектон. жаракалардан агып чыгат. К.-К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муздак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу,
даамы кычкыл, темп-расы 3–4°С. Булактардын
дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0–1,5 л/секга чейин. Хим. курамы б-ча гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2нин
өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданышы 2,6480 г/л, кургак калдыгы 1,8110 г/л. Суунун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жерг. эл ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоо үчүн пайдаланат.