КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 40 км түштүк тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы – Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңгээлинен 3100 м бийикте. 1947-жылы табылып, 1960–66-жылдарда изилденген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Кара-Кече минералдуу суусу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муздак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, температурасы 3–4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0–1,5 л/секга чейин. Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2нин өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданышы 2,6480 г/л, кургак калдыгы 1,8110 г/л. Суунун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кычкыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын дарылоо үчүн пайдаланат.