КАРА-КЕРМЕ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕРМЕ МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоо­сунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 11,6 км, аянты 27,3 км2. Мүдүрүм суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5840 м, этеги 3840 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4360 м. Абляциясынын аянты 6,4 км2. Куралуу аймагы кенен, үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлгөн. Алардын «тил­дери» ортоңку мореналар м-н бөлүнүп, өрөөн б-ча 6 кмге созулат. Этегинен 35–40 м төмөн жаңы «этек морена» жатат. Мөңгүдөн Мүдүрүм­дүн сол куймасы – Кара-Керме суусу башталат.