КАРА-КЕРМЕ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕРМЕ МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоо­сунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу 11,6 км, аянты 27,3 км2. Мүдүрүм суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5840 м, этеги 3840 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м. Абляциясынын аянты 6,4 км2. Куралуу аймагы кенен, үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлгөн. Алардын «тил­дери» ортоңку мореналар м-н бөлүнүп, өрөөн боюнча 6 кмге созулат. Этегинен 35–40 м төмөн жаңы «этек морена» жатат. Мөңгүдөн Мүдүрүм­дүн сол куймасы – Кара-Керме суусу башталат.