КАРАКЕЕВ Туйту

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКЕЕВ Туйту Жусупович (25. 6. 1938, азыр­кы Чүй обл., Чүй р-ну, Кош-Коргон айылы – 5.8.1988, ошол эле жер) – философ, философия илимд. доктору (1979), проф. (1986). КМУну (1960), ИАнын аспирантурасын (1970) бүткөн. 1960–63-ж. Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы Кара-Кужур жатак-мектебинин мугалими, 1963– 68-ж. Чүй р-нунун Кош-Коргон, Кара-Дөбө мек­тептеринин директору, 1968–75-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, 1975–86-ж. улук ил. кызмат­кер, сектор башчысы, 1986–88-ж. Тарыхый ма­териализм ж-а ил. коммунизм бөлүмүнүн баш­чысы, 1988-ж. Философия ж-а укук ин-тунда директор болуп иштеген. Социалдык философия тармагындагы ири адис. 100дөн ашуун ил. эм­гектин (а. и. 9 монография) автору. Кош-Кор­гон орто мектебине анын ысмы ыйгарылган.


Эмг.: Рухий турмуштун айрым жагдайлары. Ф., 1971. Семантические аспекты диалектики социально­го развития (цивилизация и ее отражение в общест­венном сознании). Ф., 1978; Диалектика развития духовного потенциала советского общества. Ф., 1984.