КАРАКЕЕВ Туйту
КАРАКЕЕВ Туйту Жусупович (25. 06. 1938, Кыргыз ССРи, азыркы Чүй облусу, Чүй району, Кош-Коргон айылы – 05. 08.1988, ошол эле жер) – философ, философия илимдеринин доктору (1979), профессор (1986). Кыргыз Мамлекеттик университетин (1960), Кыргыз Илимдер академиясынын аспирантурасын (1970) бүткөн. 1960–1963-жылдарда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Кужур жатак-мектебинин мугалими, 1963–1968-жылдарда Чүй районунун Кош-Коргон, Кара-Дөбө мектептеринин директору, 1968–1975-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1975–1986-жылдарда улук илимий кызматкер, сектор башчысы, 1986–1988-жылдарда тарыхый материализм жана илимий коммунизм бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы философия жана укук институтунда директор болуп иштеген. Социалдык философия тармагындагы ири адис. 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 9 монография) автору. Кош-Коргон орто мектебине анын ысмы ыйгарылган.
Эмг.: Рухий турмуштун айрым жагдайлары. Ф., 1971. Семантические аспекты диалектики социального развития (цивилизация и ее отражение в общественном сознании). Ф., 1978; Диалектика развития духовного потенциала советского общества. Ф., 1984.