КАРАКЕЕВ Курман-Гали

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКЕЕВ Курман-Гали [7. 11. 1913-ж. т., Же­ти-Суу обл., Пржевальск уезди, Күрмөнтү кыш. (азыркы Ысык-Көл обл. Түп р-ну)] – тарыхчы, мамл. ишмер, тарых илимд. доктору (1970),

проф. (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги ж-а пре­зиденти (1960), СССР ИА-нын корр. мүчөсү (1968). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1970). Кыр­гыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1972). Ысык- Көл а. ч. техникумун (1933), КПСС БКнын алдындагы Жогорку парт. мектепти

(1946), Кыргыз мамл. пед. ин-тун (1956), КПСС БКнын алдындагы Коомдук ИАны (1959) бүтүр­гөн. 1933–34-ж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1934–36-ж. ВЛКСМ Кыргыз обкомунда бөлүм башчы, 1938– 39-ж. «Коммунист» журналында башкы редак­тордун орун басары, 1939–44-ж. Кырг-н КП Фрунзе обкомунун үгүт ж-а насыят бөлүм баш­чысынын орун басары, Тянь-Шань, Ысык-Көл обкомдорунун секретары, 1946–49-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1949–52-ж. Кырг-н КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн баш­чысы, 1952–57-ж. Кырг-н КП БКнын секрета­ры, 1960–78-ж. Кыргыз ССР ИАнын президен­ти, ошол эле учурда Кыргыз Совет энциклопе­диясынын Башкы редактору (1968–75), 1978- жылдан Тарых ин-тунда бөлүм башчы, ил. кыз­маткер. Кырг-нда илимдин өнүгүшүнө, ил. ме­кемелерди уюштурууда салым кошуп, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоодо көп эмгек си­ңирген. Кырг-н тарыхына арналган 300дөй ил. эмгектин (а. и. 8 монография) автору. «Кыргыз ССР тарыхынын» 5 томдугунун (1986) башкы редактору ж-а авторлорунун бири. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1952–56). Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин (1947–63), СССР Жогорку Советинин (1962–79) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ар­дак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.


Эмг.: Из истории культурного строительства в Кир­гизстане. Ф., 1968; Ленин и развитие науки Совет­ского Киргизстана. Ф., 1969; Академия наук Киргиз­ской ССР. Ф., 1974; Каракеев К. К. Великой Октябрь и наука Киргизстана. Ф., 1977.