КАРАКЕЕВ Курман-Гали
КАРАКЕЕВ Курман-Гали [07. 11. 1913, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Күрмөнтү кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району – 13. 11. 2012, Бишкек)] – тарыхчы, мамлекеттик ишмер, тарых илимдеринин доктору (1970),

профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги, анын президенти (1960), СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1968). Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). Ысык- Көл айыл чарба техникумун (1933), КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти (1946), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1956), КПСС БКнын алдындагы коомдук ИАны (1959) бүтүргөн. 1933–1934-жылдарда «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1934–1936-жылдарда ВЛКСМ Кыргыз обкомунда бөлүм башчы, 1938–1939-жылдарда «Коммунист» журналында башкы редактордун орун басары, 1939–1944-жылдарда Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун үгүт жана насыят бөлүм башчысынын орун басары, Тянь-Шань, Ысык-Көл обкомдорунун секретары, 1946–1949-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1949–1952-жылдарда Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, 1952–1957-жылдарда Кыргызстан КП БКнын секретары, 1960–1978-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын президенти, ошол эле учурда Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редактору (1968–1975), 1978-жылдан тарых институтунда бөлүм башчы, илимий кызматкер. Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө, илимий мекемелерди уюштурууда салым кошуп, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоодо көп эмгек сиңирген. Кыргызстан тарыхына арналган 300дөй илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. «Кыргыз ССР тарыхынын» 5 томдугунун (1986) башкы редактору жана авторлорунун бири. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1952–1956). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1963), СССР Жогорку Советинин (1962–1979) депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Из истории культурного строительства в Киргизстане. Ф., 1968; Ленин и развитие науки Советского Киргизстана. Ф., 1969; Академия наук Киргизской ССР. Ф., 1974; Каракеев К. К. Великой Октябрь и наука Киргизстана. Ф., 1977.