КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ
КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–5-к-дагы
көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Токтогул р-ндагы Кызыл-Туу айылынын жанында жайгашкан. 10дон ашуун дөбө-мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге кадалуучу алтын каңылтырлар ж. б. табылган.
Мүрзөлөрдүн бийикт. 4–6 м, диаметри 35–45 мге
жеткен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жумшалган.