КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–V кылымдардагы көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Токтогул районундагы Кызыл-Туу айылынын жанында жайгашкан. 10дон ашуун дөбө-мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге кадалуучу алтын каңылтырлар жана башкалар табылган. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 4–6 м, диаметри 35–45 мге жеткен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жумшалган.