КАРА (КАРСКИЙ) ДЕҢИЗИ
КА́РА (КА́РСКИЙ) ДЕҢИЗИ (деңизге куйган Кара д-нын атынан) – Түн. Муз океандагы четки деңиз. Батыш Сибирь түздүгү, Жаңы-Жер, Франц Иосиф Жери ж-а Түн. Жер а-нын аралыгында. Батышында Кара Капкасы, Маточкин Шар кысыктары аркылуу Баренц деңизи, чыгышында Вилкицкий кысыгы, Түн. Жер а-нын аралыгындагы кысыктар аркылуу Лаптевдер деңизи м-н туташат. Түш.-батыштан түн.-чыгышка 1500 кмге созулат. Эң жазы жери 800 км (түн. бөлүгүндө). Аянты 883 миң км2. Суусунун көлөмү 98 миң км3. Басымдуу тереңдиги 30–100 м,
эң терең жери 620 м. Ири булуңдары: Обь, Гыдань ж-а Байдата колтуктары, Енисей, Пясина, булуңдары; аларга Обь, Енисей Пясина, Кара д. куят. Аралдардын көбү (жалпы аянты 1000 кмге жакыны) деңиздин түн.-чыгышында (Манин шхери, Норденшельд архипелагы ж. б. 70тен ашык арал) ж-а борб. бөлүгүндө (Арктика инту, БАК кабарлары, Сергей Киров, Визе, Ушаков, Шмидт ж. б. аралдар). К. д. материктик тайыздыкта (шельфте) жайгашкан, ошондуктан деңиздин 40%ке чейинки аянтынын тереңдиги 50 мден ашпайт, 2%и гана 500 мден терең. К. д-нин акваториясын бир нече жолу суу каптаган; азыркы турпаты плейстоцен муз каптоосу
чегингенден кийин калыптанган. Деңизде газдын ж-а газ конденсатынын зор кендери (Ленинград, Русанов) ачылган.
Климаты арктикалык, катаал; жылына 3–4
ай уюлдук түн, 2–3 ай уюлдук күн болот. 0°Сден
төмөнкү темп-ра деңиздин түн. бөлүгүндө 9–10
ай, түштүгүндө 7–8 ай кармалат. Февралда абанын орт. темп-расы Жаңы Жердин жээгинде
–18°Сден Түн. Жердин жээгинде –26°Сге чейин,
Челюскин тумшугунда минимуму –52°С катталган, августтуку түндүгүндө 0°Сден түштүгүндө 6°Сге чейин, материктик жээгинде максимуму 16°С катталган. Кышында катуу шамал, бурганак, жайында туман болуп турат. Жылдын басымдуу бөлүгүндө муз м-н капталат.
Суу массасы өтө муздак; суу катмарынын басымдуу бөлүгүндө темп-ра –1,5°Сден төмөн; терең (150–200 м) кобулдарда гана Арктиканын алабына кирген атлантикалык жылуу агымдын
таасиринен суунун темп-расы 2,5°Сди түзөт. Кышында муз катмарынын астындагы суусунун
темп-расы –1,5––1,7°С; жайында деңиздин
үстүнкү катмарындагы муз арасында темп-ра бир аз гана жогору болот; ал эми муздан арылган түш.-батыш бөлүгүндө 6°Сге чейин жылыйт, түндүгүндө 2°С. Деңизге Обь, Эне-Сай, Пясина, Пур, Таз д. жылына 1300 км3 суу алып келгендиктен ж-а жайында муздун эришинен анын
үстүңкү катмарынын суусу кыйла тузсузданат. Деңизге дарыялар куйган жерлерде К. д-нде 160 см калыңдыктагы тузсуз суу катмарын пайда кылышы мүмкүн, бул болсо дүйнө деңиздеринин ичинен эң жогорку көрсөткүч (Дүйнөлүк океанда бул көрсөткүчтүн орт. өлчөмү 10 смди гана түзөт). Туздуулугу дарыя чаттарына жакын 10–12‰, түндүгүндө 33‰ге чейин. Ташкын
суткасына 2 жолу (бийикт. 1 мге чейин) болот. Балык (треска, сига, чабак, камбала) кармалат. К. д. Түндүк деңиз жолунун бир бөлүгү. Порттору: Диксон, Амдерма; Дудинка ж-а Игарка (Эне-Сайда). Деңиз кемелери Эне-Сай м-н Дудинка, Игарка ш-на чейин жете алат. Деңиз акваториясынын жалпы экол. абалы негизинен канааттандырарлык, бирок ири булуңдарда, деңиз флоту топтолгон ж-а кен казып алынган
жерлерде нефть продуктуларынын ж-а оор металлдардын калдыктарынын ашыкчалыгы байкалат.
Ад.: Советская Арктика. Моря и острова Северного Ледовитого океана. М., 1970; Залогин Б. С., Косарев А. Н. Моря. М., 1999; Геология и полезные ископаемые шельфов России /Под. ред. М. Н. Алексеева. М., 2002; Мазарович А. О. Строение дна Мирового океана и окраинных морей России. М., 2006.
Ы. Токторова.