КАРА (КАРСКИЙ) ДЕҢИЗИ
КА́РА (КА́РСКИЙ) ДЕҢИЗИ (деңизге куйган Кара дарыясынын атынан) – Түндүк Муз океандагы четки деңиз. Батыш Сибирь түздүгү, Жаңы-Жер, Франц Иосиф Жери ж-а Түндүк Жер аралдарынын аралыгында. Батышында Кара Капкасы, Маточкин Шар кысыктары аркылуу Баренц деңизи, чыгышында Вилкицкий кысыгы, Түндүк Жер аралынын аралыгындагы кысыктар аркылуу Лаптевдер деңизи м-н туташат. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 1500 кмге созулат. Эң жазы жери 800 км (түндүк бөлүгүндө). Аянты 883 миң км2. Суусунун көлөмү 98 миң км3. Басымдуу тереңдиги 30–100 м, эң терең жери 620 м. Ири булуңдары: Обь, Гыдань ж-а Байдата колтуктары, Енисей, Пясина, булуңдары; аларга Обь, Енисей Пясина, Кара дарыялары куят. Аралдардын көбү (жалпы аянты 1000 кмге жакыны) деңиздин түндүк-чыгышында (Манин шхери, Норденшельд архипелагы ж. б. 70тен ашык арал) ж-а борбордук бөлүгүндө (Арктика институту, БАК кабарлары, Сергей Киров, Визе, Ушаков, Шмидт ж. б. аралдар). Кара деңиз материктик тайыздыкта (шельфте) жайгашкан, ошондуктан деңиздин 40%ке чейинки аянтынын тереңдиги 50 мден ашпайт, 2%и гана 500 мден терең. Кара деңизинин акваториясын бир нече жолу суу каптаган; азыркы турпаты плейстоцен муз каптоосу чегингенден кийин калыптанган. Деңизде газдын ж-а газ конденсатынын зор кендери (Ленинград, Русанов) ачылган.
Климаты арктикалык, катаал; жылына 3–4 ай уюлдук түн, 2–3 ай уюлдук күн болот. 0°Сден төмөнкү температура деңиздин түндүк бөлүгүндө 9–10 ай, түштүгүндө 7–8 ай кармалат. Февралда абанын орточо температурасы Жаңы Жердин жээгинде
–18°Сден Түндүк Жердин жээгинде –26°Сге чейин, Челюскин тумшугунда минимуму –52°С катталган, августтуку түндүгүндө 0°Сден түштүгүндө 6°Сге чейин, материктик жээгинде максимуму 16°С катталган. Кышында катуу шамал, бурганак, жайында туман болуп турат. Жылдын басымдуу бөлүгүндө муз м-н капталат.
Суу массасы өтө муздак; суу катмарынын басымдуу бөлүгүндө температура –1,5°Сден төмөн; терең (150–200 м) кобулдарда гана Арктиканын алабына кирген атлантикалык жылуу агымдын таасиринен суунун температурасы 2,5°Сди түзөт. Кышында муз катмарынын астындагы суусунун температурасы –1,5––1,7°С; жайында деңиздин үстүнкү катмарындагы муз арасында температура бир аз гана жогору болот; ал эми муздан арылган түштүк-батыш бөлүгүндө 6°Сге чейин жылыйт, түндүгүндө 2°С. Деңизге Обь, Эне-Сай, Пясина, Пур, Таз дарыялары жылына 1300 км3 суу алып келгендиктен ж-а жайында муздун эришинен анын үстүңкү катмарынын суусу кыйла тузсузданат. Деңизге дарыялар куйган жерлерде Кара деңизинде 160 см калыңдыктагы тузсуз суу катмарын пайда кылышы мүмкүн, бул болсо дүйнө деңиздеринин ичинен эң жогорку көрсөткүч (Дүйнөлүк океанда бул көрсөткүчтүн орточо өлчөмү 10 смди гана түзөт). Туздуулугу дарыя чаттарына жакын 10–12‰, түндүгүндө 33‰ге чейин. Ташкын суткасына 2 жолу (бийиктиги 1 мге чейин) болот. Балык (треска, сига, чабак, камбала) кармалат. Кара деңиз Түндүк деңиз жолунун бир бөлүгү. Порттору: Диксон, Амдерма; Дудинка ж-а Игарка (Эне-Сайда). Деңиз кемелери Эне-Сай м-н Дудинка, Игарка шаарларына чейин жете алат. Деңиз акваториясынын жалпы экологиялык абалы негизинен канааттандырарлык, бирок ири булуңдарда, деңиз флоту топтолгон ж-а кен казып алынган жерлерде нефть продуктуларынын ж-а оор металлдардын калдыктарынын ашыкчалыгы байкалат.
Ад.: Советская Арктика. Моря и острова Северного Ледовитого океана. М., 1970; Залогин Б. С., Косарев А. Н. Моря. М., 1999; Геология и полезные ископаемые шельфов России /Под. ред. М. Н. Алексеева. М., 2002; Мазарович А. О. Строение дна Мирового океана и окраинных морей России. М., 2006.
Ы. Токторова.