КАРА-КАМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КАМАН – Ички Теңир-Тоодогу суу, Ки­чи Нарындын оң куймасы. Нарын р-нунда. Тес­кей Ала-Тоонун түш. капталынан башталат. Уз. 36 км, алабынын аянты 331 км2. Башында Чоң Кара-Каман ж-а Кичи Кара-Каман аталат. Жо­горку агымында кууш өрөөн аркылуу шар агат. Ортоңку бөлүгү тектирлүү. К.-К-дын 4 куймасы бар. Негизинен кар ж-а булак сууларынан ку­ралат. Жылдык орт. чыгымы 2,1–3,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат.