КАРА-КАМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КАМАН – Ички Теңир-Тоодогу суу, Ки­чи Нарындын оң куймасы. Нарын районунда. Тес­кей Ала-Тоонун түштүк капталынан башталат. Узундугу 36 км, алабынын аянты 331 км2. Башында Чоң Кара-Каман ж-а Кичи Кара-Каман аталат. Жо­горку агымында кууш өрөөн аркылуу шар агат. Ортоңку бөлүгү тектирлүү. Кара-Камандын 4 куймасы бар. Негизинен кар ж-а булак сууларынан ку­ралат. Жылдык орточо чыгымы 2,1–3,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат.