КАРА-КАМАН
КАРА-КАМАН – Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарындын оң куймасы. Нарын р-нунда. Тескей Ала-Тоонун түш. капталынан башталат. Уз. 36 км, алабынын аянты 331 км2. Башында Чоң Кара-Каман ж-а Кичи Кара-Каман аталат. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу шар агат. Ортоңку бөлүгү тектирлүү. К.-К-дын 4 куймасы бар. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,1–3,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы январь – февралда байкалат.