КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ , К а р а к а л­п а к с т а н Өзбекстандын курамында. Аянты 164,9 миң км2. Калкы 1,3 млн (1993); негизинен каракалпактар, о. эле өзбек, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Борбору – Нукус ш. К. Р-нын курамында 12 шаар, 14 шаарча бар. Шаар кал­кы 49%. Ири шаарлары: Нукус, Бируни, Ха­жейли ж. б. К. Кызыл-Кум чөлүнүн түн.-батышын, Үстүрт платосунун түш.-чыгыш бөлүгүн, Аму-Дарыя­нын дельтасын ээлейт. Жери түзөң. Айрым жер­леринде гана тоо массивдери кездешет (ириси Султануиздаг, бийикт. 473 мге чейин). Аму-Да­рыянын дельтасы баткактуу; майда көлдөрү бар. 1980-жылдардын аягында экол. кыйроого учу­раган аймак деп жарыяланган. Климаты кес­кин континенттик. Январдын орт. темп-расы – 5°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 100 мм. Кыз-Кеткен ж. б. каналдар курулган. Курулуш материалдары, фосфорит, түстүү ме­талл, тальк, графит ж-а кайнатма туз казы­лып алынат. Аму-Дарыянын дельтасында шал­баалуу сары, Кызыл-Кумда кумдуу боз, Үстүрттө бозомук күрөң ж-а шор топурак басымдуу. Чөл өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак ж. б.), токой (те­рек, жийде, тал, камыш ж. б.) өсөт.
К-да адамдар неолит доорунан жашайт. 16-к­дын аягында о. азиялык жазууларда каракал­пактар өз алдынча эл катары көрсөтүлгөн. Алар 17-к-да, 18-к-дын ортосунда Сыр-Дарыянын ор­тоңку ж-а төмөнкү агымын мекендеп, жарым көчмөн турмушта жашаган. Хива хандары 1811-ж. каракалпактарды каратып, аларды Сыр-Дарыянын төмөн жагына көчүрүшкөн. К. 1873-ж. Россияга кошулган. 1917-ж. совет бийлиги орнотулуп, 1918-ж. апрелде Түркстан АССРинин курамына кирген. 1920-ж. Хива хан­дыгынын аймагында Хорезм Сов. Эл Респ. түзү­лүп, сол жээкте отурукташкан каракалпактар анын курамына өткөн. О. Азиядагы улуттук­мамл. чек салып бөлүшүүнүн жүрүшүндө К. би­ригишип, 1925-ж. февралда Казак АССРинин курамында Каракалпак АОсу уюшулган (1930- жылдын июлунан РСФСРдин курамында). 1932-ж. мартта Каракалпак АССРи болуп кай­радан түзүлгөн. 1936-жылдын декабрынан Өзбек ССРинин курамында. 1992-жылдын январынан азыркыдай аталып, Өзбекстан Респ-нын кура­мында. Пахта тазалоочу, кебез-кездеме, майжу­аз, курулуш материалдар, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сугат дыйканчылыгы (гозо, шалы, беде), бакчачылык, жашылчачы­лык, мал чарбачылыгы (каракөл кою, бодо мал), жибекчилик өнүккөн. Жапайы айбанаттар да багылат. Тахиаташ ГРЭСи иштейт. К-дын ай­магы аркылуу О. Азия м-н Россиянын борб. бө­лүгүн байланыштырган Бухара – Урал т. ж-у, О. Азия – Борбор газ кууру өтөт. Аму-Дарыяда, Арал деңизинде кеме жүрөт.