КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ
КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ , К а р а к а л п а к с т а н Өзбекстандын курамында. Аянты 164,9 миң км2. Калкы 2 млн (2024); негизинен каракалпактар, ошондой эле өзбек, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Борбору – Нукус шаары. Каракалпак Республикасынын курамында 12 шаар, 14 шаарча бар. Шаар калкы 49%. Ири шаарлары: Нукус, Бируни, Хажейли ж. б. Каракалпак Республикасы Кызыл-Кум чөлүнүн түндүк-батышын, Үстүрт платосунун түштүк-чыгыш бөлүгүн, Аму-Дарыянын дельтасын ээлейт. Жери түзөң. Айрым жерлеринде гана тоо массивдери кездешет (ириси Султануиздаг, бийиктиги 473 мге чейин). Аму-Дарыянын дельтасы баткактуу; майда көлдөрү бар. 1980-жылдардын аягында экологиялык кыйроого учураган аймак деп жарыяланган. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы – 5°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 100 мм. Кыз-Кеткен ж. б. каналдар курулган. Курулуш материалдары, фосфорит, түстүү металл, тальк, графит ж-а кайнатма туз казылып алынат. Аму-Дарыянын дельтасында шалбаалуу сары, Кызыл-Кумда кумдуу боз, Үстүрттө бозомук күрөң ж-а шор топурак басымдуу. Чөл өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак ж. б.), токой (терек, жийде, тал, камыш ж. б.) өсөт.
Каракалпакстанда адамдар неолит доорунан жашайт. 16-кылымдын аягында орто азиялык жазууларда каракалпактар өз алдынча эл катары көрсөтүлгөн. Алар 17-кылымда, 18-кылымдын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку ж-а төмөнкү агымын мекендеп, жарым көчмөн турмушта жашаган. Хива хандары 1811-жылы каракалпактарды каратып, аларды Сыр-Дарыянын төмөн жагына көчүрүшкөн. Каракалпакстан 1873-жылы Россияга кошулган. 1917-жылы совет бийлиги орнотулуп, 1918-жылы апрелде Түркстан АССРинин курамына кирген. 1920-жылы Хива хандыгынын аймагында Хорезм Советтик Эл Республикасы түзүлүп, сол жээкте отурукташкан каракалпактар анын курамына өткөн. Орто Азиядагы улуттук мамлекеттик чек салып бөлүшүүнүн жүрүшүндө Каракалпакстан биригишип, 1925-жылы февралда Казак АССРинин курамында Каракалпак АОсу уюшулган (1930- жылдын июлунан РСФСРдин курамында). 1932-жылы мартта Каракалпак АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. 1936-жылдын декабрынан Өзбек ССРинин курамында. 1992-жылдын январынан азыркыдай аталып, Өзбекстан Республикасынын курамында. Пахта тазалоочу, кебез-кездеме, майжуаз, курулуш материалдар, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сугат дыйканчылыгы (гозо, шалы, беде), бакчачылык, жашылчачылык, мал чарбачылыгы (каракөл кою, бодо мал), жибекчилик өнүккөн. Жапайы айбанаттар да багылат. Тахиаташ ГРЭСи иштейт. Каракалпакстандын аймагы аркылуу Орто Азия м-н Россиянын борбордук бөлүгүн байланыштырган Бухара – Урал темир жолу, Орто Азия – Борбор газ кууру өтөт. Аму-Дарыяда, Арал деңизинде кеме жүрөт.