КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Талас р-нунда, Кара-Жылга тоосунда, Кеңкол суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 1850–2200 м бийикте. 1957–61-ж. издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен рифейдеги кара-жылга гранит ж-а гнейс–гранит интрузия эндоконтагынын түн.-чыгыш бөлүгүнө туура келет. Кенташ тул­кулары граниттин катаклаздалган, гнейстелген зоналарына туташып, түн.-батышка созулган жаракалар м-н байланышкан. Негизги минерал­дары: ферриторит, торит, ортит, монацит, иль­менорутил. Кенташтагы сейрек учуроочу металл кычкылынын орт. өлчөмү 0,1–0,7%. Сейрек учу­роочу металлдардын болжолдуу запасы 16700 т.