КАРА ЖАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ЖАМА , н е к р о б а к т е р и о з – малдын жугуштуу ылаңы. Аны м-н малдын бардык түрү ж-а канаттуулар ылаңдайт. Мал­дын оозунун тегереги, былжыр кабыкчалары, ички органдары, туягы ириңдеп, жарага ай­ланат. Ылаң козгогучу – анаэроб тобундагы микроб. Кырг-ндын шартында козу, улакта К. ж-нын ооздон кармаган түрү көп кезигет. Ылаңдын микробу мал жайылган жерде, кык­та, малдын ичеги-карынында болот. Дарылоо­до ылаңдаган малга карантин коюп, жакшы тоюттандырылат, зоогигиеналык жакшы шарт түзүлөт. Жарасын тазалап, 1–3%түү марганцов­канын же перманганаттын эритмеси м-н жууп, дезинфекциялоочу май, антибиотиктер колдо­нулат. Алдын алууда короо-сарайларды кур­гак ж-а таза кармоонун мааниси чоң. Жаш төлдүн киндигин убагында туура кесип, йод тун­дурмасы м-н күйгүзүп, К. ж-га каршы төлдүн 2–3 күндүгүнөн баштап вирус-вакцина м-н эмдөө керек. Короо-сарайды дезинфекциялоо, мал­ды дайыма вет. көзөмөлдөн өткөрүп туруу за­рыл.