КАРА ЖАМА
КАРА ЖАМА , н е к р о б а к т е р и о з – малдын жугуштуу ылаңы. Аны м-н малдын бардык түрү ж-а канаттуулар ылаңдайт. Малдын оозунун тегереги, былжыр кабыкчалары, ички органдары, туягы ириңдеп, жарага айланат. Ылаң козгогучу – анаэроб тобундагы микроб. Кыргызстандын шартында козу, улакта кара жаманын ооздон кармаган түрү көп кезигет. Ылаңдын микробу мал жайылган жерде, кыкта, малдын ичеги-карынында болот. Дарылоодо ылаңдаган малга карантин коюп, жакшы тоюттандырылат, зоогигиеналык жакшы шарт түзүлөт. Жарасын тазалап, 1–3%түү марганцовканын же перманганаттын эритмеси м-н жууп, дезинфекциялоочу май, антибиотиктер колдонулат. Алдын алууда короо-сарайларды кургак ж-а таза кармоонун мааниси чоң. Жаш төлдүн киндигин убагында туура кесип, йод тундурмасы м-н күйгүзүп, кара жамага каршы төлдүн 2–3 күндүгүнөн баштап вирус-вакцина м-н эмдөө керек. Короо-сарайды дезинфекциялоо, малды дайыма ветеринариялык көзөмөлдөн өткөрүп туруу зарыл.