КАРА-ДЫЙКАН
КАРА-ДЫЙКАН , И л ь и ч ё в к а (1924–2004) – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 9 км түн.-чыгыш тарапта. Кара- Суу т. ж. бекетинен 59 км. Калкы 5965 (2009); негизинен мал м-н алектенип, шалы айдашат. Орто ж-а балдардын муз. мектеби, клуб, 2 китепкана, бала бакча бар. Кургак учук диспансери ж-а райондук оорукана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода ж-а тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.