КАРА-ДЫЙКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДЫЙКАН , И л ь и ч ё в к а (1924–2004) – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 9 км түндүк-чыгыш тарапта. Кара- Суу темир жол бекетинен 59 км. Калкы 7971 (2022); негизинен мал м-н алектенип, шалы айдашат. Орто ж-а балдардын музыкалык мектеби, клуб, 2 ки­тепкана, бала бакча бар. Кургак учук диспансе­ри ж-а райондук оорукана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода ж-а тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.