КАРА ДАРЫ
КАРА ДАРЫ – жарылуучу зат. Ал 75% калий
нитратынын аралашмасынан, 13% жыгач көмүрүнөн ж-а 12% көмүрдөн турат. Ар бир ингредиент алгач майдаланат, анан аралаштырылат ж-а алынган аралашма нымдалып, дагы бир жолу майдаланат. Алынган масса белгилүү өлчөмгө чейин ныкталып, анан кургатылат. Жарылуу учурунда күйбөй калган күкүрттүн ж-а жыгач көмүрүнүн калдыгы кошулуп, жарылуудан кийинки түтүндү пайда кылат. К. д. 10-к-га
чейин кытайлар м-н арабдарга белгилүү болгон.
Ал эми Европада 14-к-дан баштап, 1904-ж. чейин согуштук иш-аракеттерде колдонулган. Азыр К. д. дээрлик колдонулбайт.