КАРА ДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА ДАРЫ – жарылуучу зат. Ал 75% калий нитратынын аралашмасынан, 13% жыгач көмүрүнөн ж-а 12% көмүрдөн турат. Ар бир ингредиент алгач майдаланат, анан аралаштырылат ж-а алынган аралашма нымдалып, дагы бир жолу майдаланат. Алынган масса белгилүү өлчөмгө чейин ныкталып, анан кургатылат. Жарылуу учурунда күйбөй калган күкүрттүн ж-а жыгач көмүрүнүн калдыгы кошулуп, жарылуудан кийинки түтүндү пайда кылат. Кара дары 10-кылымга чейин кытайлар м-н арабдарга белгилүү болгон. Ал эми Европада 14-кылымдан баштап, 1904-жылга чейин согуштук иш-аракеттерде колдонулган. Азыр Кара дары дээрлик колдонулбайт.