«КАРАГУЛ БОТОМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАРАГУЛ БОТОМ» – кыргыз элинин лирика­эпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Ка­рагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгар­манын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин оор кайгысы баяндалат. «К. б.» окуясынан ба­йыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына ат­тырды деген) сезилип турат. «К. б-дун» ыр (ко­шок) ж-а кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, а. и. Калык Акыев ж-а Сарыкунан (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук ж-а жо­горку көркөмдүккө ээ. Калык «К. б-дун» маа­нисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу м-н оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Са­рыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени м­н чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча чечмелеген табылгалар арбын. «К. б.» күүсүн комузчу А. Эшмамбетов мыкты аткарган. «К. б.» дастаны А. Айталиевдин, О. Кутмана­лиевдин аткаруусунда кыргыз радиосунун ал­тын фондусунда сакталып турат.