«КАРАГУЛ БОТОМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАРАГУЛ БОТОМ» – кыргыз элинин лирика-­эпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «Экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Ка­рагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгар­манын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин оор кайгысы баяндалат. «Карагул ботом» окуясынан ба­йыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына ат­тырды деген) сезилип турат. «Карагул ботомдун» ыр (ко­шок) жана кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, анын ичинде Калык Акыев жана Сарыкунан (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук жана жо­горку көркөмдүккө ээ. Калык «Карагул ботомдун» маа­нисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу менен оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Са­рыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени менен чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча чечмелеген табылгалар арбын. «Карагул ботом» күүсүн комузчу А. Эшмамбетов мыкты аткарган. «Карагул ботом» дастаны А. Айталиевдин, О. Кутмана­лиевдин аткаруусунда кыргыз радиосунун ал­тын фондусунда сакталып турат.