КАРАГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГОО – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңг. 1750 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 33 км ба­тыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 57 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 3650 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Оорукана, төрөт үйү, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.