КАРАГОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАГОО – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 33 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 57 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3731 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Оорукана, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.