КАРАГАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАЙ (Рiсеа) – мырза карагай тукумунда­гы өсүмдүктөр уруусу. Баалуу токой түзүүчү да­йыма жашыл, кооз дарак. Сөңгөгү тик, конус сымал, шагы калың, тамыры жерге терең кет­пейт. Ийне сымал жалбырагы 4 кырлуу, кээде

Карагай: 1 – жалпы көрүнүшү; 2 – ата­лык т обур чакт уу бутагы; 3 – энелик тобурчагы; 4 – уру­гу.

жалпак, 7–9 ж-га чейин түшпөйт. Аталык то­бурчагы жалгыздан, кызыл же сары, чаңчасы 2ден аба баштыкчалуу. Энелик тобурчагы ка­туу, уругу канатчалуу. Көлөкөгө, суукка чыдам­дуу. Коңур күздөгү, эрте жаздагы суук, кургак­чылыктан, түтүн ж-а ыштан жабыркайт. К. 300, 500 жыл өсөт. Европа, Азия ж-а Түн. Америка­да 40ка жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 9 түрү кездешет. Кырг-ндын деңиз деңг. 2000– 2750 м бийиктиктеги тоолорунда 3 түрү (Тянь- Шань К-ы, Роберт К-ы ж-а Шренк К-ы) өсөт. Жыгачы ак, жеңил ж-а жумшак. Андан чайыр, канифоль, скипидар, жыгач уксусу, спирт, өңдөгүч заттар алынат. Алар башка өсүмдүктөр м-н бирге абадан көмүр кычкыл газын сиңирип, орг. заттарды пайда кылып, абадагы кычкыл­текти көбөйтөт. Тамыры кыртышты эрозиядан ж-а андагы нымдуулукту сактайт. К. өзгөчө зат­тарды (фитонциддерди) бөлүп чыгарат. Куру­лушта, целлюлоза-кагаз өндүрүүдө, муз. аспап­тарды жасоодо пайдаланылат. Токой тилкеле­рине, парк м-н жол боюна кооз өсүмдүк катары отургузулат.