КАРАГАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАЙ (Рiсеа) – мырза карагайлар тукумунда­гы өсүмдүктөр уруусу. Баалуу токой түзүүчү да­йыма жашыл, кооз дарак. Сөңгөгү тик, конус сымал, шагы калың, тамыры жерге терең кет­пейт. Ийне сымал жалбырагы 4 кырлуу, кээде

Карагай: 1 – жалпы көрүнүшү; 2 – ата­лык тобур чактуу бутагы; 3 – энелик тобурчагы; 4 – уру­гу.

жалпак, 7–9 жылга чейин түшпөйт. Аталык то­бурчагы жалгыздан, кызыл же сары, чаңчасы 2ден аба баштыкчалуу. Энелик тобурчагы ка­туу, уругу канатчалуу. Көлөкөгө, суукка чыдам­дуу. Коңур күздөгү, эрте жаздагы суук, кургак­чылыктан, түтүн ж-а ыштан жабыркайт. Карагай 300, 500 жыл өсөт. Европа, Азия ж-а Түндүк Америка­да 40ка жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 9 түрү кездешет. Кыргызстандын деңиз деңгээлинен 2000–2750 м бийиктиктеги тоолорунда 3 түрү (Тянь- Шань карагайы, Роберт карагайы ж-а Шренк карагайы) өсөт. Жыгачы ак, жеңил ж-а жумшак. Андан чайыр, канифоль, скипидар, жыгач уксусу, спирт, өңдөгүч заттар алынат. Алар башка өсүмдүктөр м-н бирге абадан көмүр кычкыл газын сиңирип, органикалык заттарды пайда кылып, абадагы кычкыл­текти көбөйтөт. Тамыры кыртышты эрозиядан ж-а андагы нымдуулукту сактайт. Карагай өзгөчө зат­тарды (фитонциддерди) бөлүп чыгарат. Куру­лушта, целлюлоза-кагаз өндүрүүдө, музыкалык аспап­тарды жасоодо пайдаланылат. Токой тилкеле­рине, парк м-н жол боюна кооз өсүмдүк катары отургузулат.