КАРАВШИН
КАРАВШИН , К е р а в ш и н (согд, ягноб тилдеринде гар – тоо; аб/ав – суу; шин – молдуулукту билдирген мүчө; тоо суусу маанисинде) – Баткен р-нундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Уз. 46 км, алабынын аянты 895 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3600 м. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, токойлуу капчыгай аркылуу агат. Киндик суусу (оң куймасы) кошулгандан кийин өрөөнү жайылып, жай агат. Ири куймалары: Киндик (оң), Орточашма (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 5–7 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.