КАРАВШИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАВШИН , К е р а в ш и н (согд, ягноб тилде­ринде гар – тоо; аб/ав – суу; шин – молдуулук­ту билдирген мүчө; тоо суусу маанисинде) – Бат­кен районундагы суу, Исфара суусунун сол куйма­сы. Узундугу 46 км, алабынын аянты 895 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3600 м. Түркстан кырка тоосу­нун түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, то­койлуу капчыгай аркылуу агат. Киндик суусу (оң куймасы) кошулгандан кийин өрөөнү жа­йылып, жай агат. Ири куймалары: Киндик (оң), Орточашма (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а бу­лак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгы­мы 5–7 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы фев­раль–мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.