КАРА БҮЛДҮРКӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БҮЛДҮРКӨН , е ж е в и к а (Rubus caesius) – атыр гүлдүүлөр тукумундагы бадал­ча. Сабагынын бийикт. 1 мдей, майда тикендүү, жалбырагы үч ача, эки жагы тең бирдей жа­шыл, түктүү, жалбырак саптары майда тил­келүү. Гүлдөрү ак, мала кызыл. Гүл саптары ти­кендүү. Чөйчөкчөлөрү жашыл түктүү, мөмөсүнө жармашат. Мөмөсү – топтошкон жемиш, кара, кочкул кызыл түстө. 400дөн ашык түрү бар.
Көбүнчө Европада, Түн. Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 90 түрү, Кырг-нда жапайы 1 түрү – суу жээгиндеги токойлордо таралган. Дары-дар­мек катары, о. эле жемиши, жалбырагы, түбү пайдаланылат.