КАРА БҮЛДҮРКӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БҮЛДҮРКОН, е ж е в и к а (Rubus caesius) - осумдуктордун атыр гүлдүүлөр тукумундагы бадал­ча. Сабагынын бийиктиги 1 мдей, майда тикендүү, жалбырагы үч ача, эки жагы тең бирдей жа­шыл, түктүү, жалбырак саптары майда тил­келүү. Гүлдөрү ак, мала кызыл. Гүл саптары ти­кендүү. Чөйчөкчөлөрү жашыл түктүү, мөмөсүнө жармашат. Мөмөсү – топтошкон жемиш, кара, кочкул кызыл түстө. Анын 400дөн ашык түрү бар. Көбүнчө Европада, Түндүк Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 90 түрү, Кыргызстанда жапайы 1 түрү – суу жээгиндеги токойлордо таралган. Дары-дар­мек катары, ошондой эле жемиши, жалбырагы, түбү пайдаланылат.