КАРА-БУУРА АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА АШУУСУ Талас Ала-Тоосунда, Кара-Буура (Таластын сол куймасы) ж-а Кара- Кысмак (Чаткалдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3305 м. Тоо кыр­ларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт.

Ашуудагы серпантин.

500–600 м. Түндүгү чополуу тик бет; түштүгү куюлма шагыл, кумдуу. Ашуу соңку протеро­зойдун филлит, кумдук, алевролит тектеринен туруп, мойногу чополуу ж-а корумдуу келет. Ал аркылуу өткөн автомобиль жолу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырат. Жол июнь айында ачылып, сентябрь – октябрь айларын­да кайра жабылат.