КАРА-БУУРА АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БУУРА АШУУСУ Талас Ала-Тоосунда, Кара-Буура (Таластын сол куймасы) ж-а Кара- Кысмак (Чаткалдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3305 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги

500–600 м. Түндүгү чополуу тик бет; түштүгү куюлма шагыл, кумдуу. Ашуу соңку протерозойдун филлит, кумдук, алевролит тектеринен туруп, мойногу чополуу ж-а корумдуу келет. Ал аркылуу өткөн автомобиль жолу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырат. Жол июнь айында ачылып, сентябрь – октябрь айларында кайра жабылат.