КАБА-САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА-САЙ – Базар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн оң куймасы. Узундугу 26 км, алабынын аян­ты 137 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш кап­талынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өт­көн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү ап­рель–майда, эң азы январь–февралда байка­лат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыштактар жайгашкан.