КАБА-САЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАБА-САЙ – Базар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн оң куймасы. Узундугу 26 км, алабынын аянты 137 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м. Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталынан агып түшөт. Тоолуу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үңкүргө куя берген жери куушураак келет. Эки куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 0,95 м3/сек, эң көбү апрель–майда, эң азы январь–февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Каба, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Каба ж. б. кыштактар жайгашкан.