КААБА
КААБА (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд Арабиясынын Мекке (Мекка) шаарындагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын бийиктиги 15 м, узундугу

13 м, туурасы 12 м, пайдубалы мрамордон, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Алла асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. Каабанын үстүнө Курандын алтын жип м-н жазылган аяттары бар кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле каабага арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйынып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда кааба тарапка (кыбылага) карап турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Каабанын жанында Ыйык Замзам суусу (Земзем булагы) бар. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге барып, ажы болуп келген кыргыздардын саны арбууда.