КААБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КААБА (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд Арабиясынын Мекке (Мекка) шаарындагы мусул­мандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын бийиктиги 15 м, узундугу

13 м, туурасы 12 м, пайдубалы мра­мордон, дубалы боз таштан тургу­зулган. Чыгыш та­рабына Алла ас­мандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. Каабанын үстүнө Курандын алтын жип м-н жазылган аятта­ры бар кара жа­буу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле каабага арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйы­нып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жат­канда кааба тарапка (кыбылага) карап турууга ти­йиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Каабанын жа­нында Ыйык Замзам суусу (Земзем булагы) бар. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге барып, ажы болуп келген кыргыздардын саны арбууда.